Ленин акимчилигинде 16 жашка чейинки балдарды туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен камсыз кылуу жана 17 жаштан жогоркуларды жалпы паспорт менен камсыздоо маселеси боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү.

Отчеттук мезгилде район боюнча 93 бала документи жок экендиги аныкталган. Бүгүнкү күндө 61 бала туулгандыгы тууралуу күбөлүк алса, 32 бала алуу стадиясында турат.

Жыйынтыгында күбөлүк, өздүгүн тастыктоочу документтерди ала элек жашы жете элек балдарды аныктоо жана документтерди алууга ар тараптуу көмөк көрсөтүү боюнча иштерди улантуу чечими кабыл алынды.

Аталган иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасын аткаруу максатында жана 17 жашка чейинки курактагы балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү берүү максатында жүргүзүлүдө.