Ленин районунда социалдык маанилүү жана өзгөчө жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча көп тармактуу координациялык кеңештин кеңейтилген отуруму болуп өттү.

Катышуучулар эпидемиологиялык абал, коронавирустук инфекция, ОРВИ жана сасык тумоо, эмдөө, ВИЧ/СПИД ооруларын, кургак учук, кутурма, эхинококкоз жана наркоманияны алдын алуу маселелерин талкуулашты.

Жыйынында № 1, 2, 9 ҮМБ директорлору, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын, Шаардык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун, Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү 2022-жылдын 9 айына аткарылган иштер боюнча маалымат беришти.

Координациялык кеңештин жыйынтыгы менен калк арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү, шаардык аймактык башкармалыктардын, билим берүү уюмдарынын жана коомдук саламаттыкты сактоо комитеттеринин ишин активдештирүү чечими кабыл алынды.