“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына караганда, 6-октябрда саат 10:00дөн 17:00гө чейин борбор калаанын эки кичирайонуна таза суу берүү токтотулат.

12- кичи райондо жана 11-кичи райондун №12/1, 13/1, 14/1 турак жайларында суу болбойт.

Насостук станцияда жана шаардагы таза суу тармактарында профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.