18-октябрда саат 18:00дө А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын чоң залында“Советтик эстрадалык ырлар” симфониялык оркестрдин коштоосунда жаңырат!

Концертте башкы дирижер Урмат Тентимишовдун жетекчилиги астында Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестри жана Казакстан Республикасынан келген коноктор Жанат Абылкасымов (Алматы шаарынын эстрадалык симфониялык оркестринин дирижёру) жана Ербол Мамырбаев (Астана эстрадалык симфониялык оркестри) аткарышат.

Концерттик программада А.Пахмутова, М.Магомаев, А.Бабажанян, А.Зацепин жана башка совет доорундагы атактуу композиторлор тарабынан жазылган эң белгилүү жана сүйүктүү хит обондор камтылган.

Композицияларды Чолпон Алсеитова, Айжан Нусувалиева, Игорь Воронцов, Миран Жанарбаев, Айбек Саралаев жана башкалар аткарышат.

Урматтуу шаар тургундары! Билеттердин баасы 500 сомдон 1 миң сомго чейин, театрдын кассасынан жана онлайн ticket.kg сайтынан ала аласыздар. Баардык маалымат телефон аркылуу: 0555 373 000.