Күз - отургузуу үчүн абдан ыңгайлуу мезгил, анткени өсүмдүктөр жаан-чачындуу күз мезгилинде жакшы кабыл алынат.

Мындан тышкары, күзүндө отургузуу мезгили жазга караганда бир топ узак жана күзүндө бардык бак-дарактарды жана бадалдарды отургузууга болот.

Бирок,  бир нече жөнөкөй эрежелерди сакташыңыз керек:

1. Отургузууга ылайыктуу атайын чуңкур казып даярдаш керек.
2. Чуңкурдун түбүнө жер семирткитерди куюп койсо болот.
3. Көчөттүн жанына бекемдеш үчүн казык орнотуп койсо болот.
4. Отургузууда көчөттүн тамыр моюнчасынын бийиктигин көзөмөлдөйбүз. (Тамырлар ачыкка чыкпоо керек ).
5. Жерди атайын бут менен таптап, суу жакшы сакталыш үчүн атайын каша жазайбыз жана 2-3 чака суу куябыз.

Биринчи кам көрүү: отургузулгандан кийин топурактын нымдуулугун көзөмөлдөө керек. Биринчи айда жаш даракты 10 күндө 2-3 чака менен сугарып туруу максатка ылайык.

Күзгү көчөт отургузуу мөөнөтү: октябрь айынын ортосунан  - ноябрдын аягына чейин.

Күз мезгилинде Бишкек шаарына  катальпа, арча, туя, каштан  сыяктуу дарактарды отургузууга болот.

Урматтуу шаардыктар!

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын муниципалдык аймагында «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы менен макулдашуудан кийин өз көчөттөрүңуздү отургузууга болот.