Медеров көчөсүнөн Чыгыш Чоң Чүй каналына чейин Панфилов көчөсүнүн бөлүгүндө оңдоо иштери аяктоо алдында турат.

Кеңири масштабдуу реконструкциядан кийин жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 9 метрди, узундугу 726 метрди түзмөкчү.

Жөө жүргүнчүлөр үчүн да кам көрдүк – жолдун эки тарабына тротуарларды төшөп, жашыл жерлерди сугарууну уюштурдук.

Бүгүнкү күндө асфальтбетон төшөлмөнүн үстүңкү катмарын орнотуу боюнча иштери аяктап, жолдорду белгилөө жана жол белгилерин орнотуу иштери башталуу алдында турат.

Белгилей кетсек, Панфилов көчөсүндө Биринчи май РИИБдин боюнда жол жок болчу, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуар гана болгон.

Эске салсак, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчө реконструкцияланат, ошондой эле 5 көпүрө курулган.

Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен подрядчы – China Road and Bridge Corporation уюму тарабынан иштер жүргүзүлүүдө.