Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүн майрамдоого карата «Таберик» залында мугалимдерди сыйлоо аземи болуп өттү. Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыктарын борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева тапшырды.

Ак ниеттүү жана үзүрлүү эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясы Ардак грамота менен төмөндөгүлөрдү сыйлады:
-Мельникова Любовь Алексеевна - кечки (нөөмөттүк) жалпы билим берүүчү №10 мектептин математика мугалими;
-Алферова Наталья Александровна –№ 12 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиянын музыка мугалими;
-Байботоева Айида  Чоткараевна – № 70 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиянын директордун мамлекеттик тил боюнча орун басары;
-Башманова Екатерина Юрьевна – № 24 мектеп-гимназиянын орус тили жана адабияты предметинин мугалими;
-Рахманкулова Шахсанам Ибрагимовна–№21 жалпы орто билим берүү мектептин башталгыч класстарынын мугалими;
-Иванкина Лариса Тимуршеевна –№ 12 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиянын башталгыч класстарынын мугалими;
-Эрмекова Динара Эрмековна – № 64 мектеп-гимназиянын орус тили жана адабияты предметинин мугалими;
-Сейтматова Айнура Абдыманаповна – №83 жалпы орто билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
-Абдыкеримова Самара Абдыкеримовна –Т.Сатылганов атындагы № 69 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиянын немис тили предметинин мугалими;
-Каюмова Алтынай Абдуллаева – Г. Гмайнер атындагы жалпы орто билим берүү окуу-тарбия комплекс мектебинин башталгыч класстарынын мугалими;
-Руренко Ольга Прокофьевна– № 26 гимназия-комплексинин башталгыч класстарынын мугалими.

Ак ниеттүү жана жемиштүү эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты төмөнкүлөргө тапшырылды:

-Аникина Ирина Юрьевна – № 48 мектеп-гимназиянын математика мугалими;
-Масалбекова Осипа Бектурсуновна –  № 12 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиянын англис тили мугалими;
-Абдыракманова Айдай Абитаевна – № 27 жалпы орто билим берүүчү мектебинин математика мугалими;
-Койгелдиева Тахмина Бейшенгазиевна – № 52 жалпы орто билим берүүчү мектебинин англис тили мугалими;
-Герасимова Екатерина Николаевна – № 67 окуу-тарбия комплексинин мектеп-гимназиянын математика мугалими;
-Таманбаев Нурсултан Бактыбекович – №67 окуу-тарабия комплекси мектеп-гимназиянын музыка мугалими.

Борбор калаанын мэриясы дагы бир жолу жалпы мугалимдерди майрамы менен куттуктап, чың ден соолук жана бакубат жашоо каалайт.