Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору   троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери үчүн ден-соолукту текшерүү боюнча акция өткөрдү.

Борбордун дарыгерлери ишкананын кызматкерлеринин кан басымын өлчөп, диабет диагнозун жүргүзүштү.  Ошондой эле жүрөктүн активдүүлүгү да өлчөндү.   Текшерүү акысыз өткөрүлдү.

Бардыгы 60 кызматкер медициналык кароодон өттү.

Мындай текшерүү жакынкы күндөрү ишкананын экинчи автобазасында да өткөрүлөт.