Борбор калаада Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №20 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясынын кошумча окуу корпусу ачылды.

Жаңы үч кабаттуу комплексте 20 класстык бөлмө каралган. Имарат 500 окуучулук орунга ылайыкталган.

Имараттын биринчи кабатында башталгыч класстар, хореографиялык зал, 285 чарчы метр спорт зал жана ашкана жайгашкан.

Экинчи кабатта: башталгыч класстар, 110 орунга ылайыкташтырылган 277 чарчы метр аянттагы актовый зал курулган.

Үчүнчү кабатта: предметтик кабинеттер жана лабораториялар каралган.

Имараттын жалпы аянты 5035 чарчы метрди түзөт.

Мектепте заманбап материалдар, бельгиялык профилдик терезелер, голландиялык “Форбо” фирмасынын линолеумдары, өрткө каршы атайын эшиктер ж.б.у.с. колдонулду.

Мектептин жер тилкесинин аянты 2,3 гектарды түзөт.

Мектептин аймагында футбол, баскетбол, волейбол аянтчалары, чуркоо жолу жана воркаут аянтчасы курулду.

Мектепте көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, 85 чырак орнотулду.

Курулуш иштерин «Авангард Стайл» ЖЧКсы подряддык уюм жүргүздү.