2022-жылдын 21-сентябрынан 20-октябрына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын Ички аудит бөлүмү тарабынан «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына ички аудит жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 139 589 700 сомдук мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган, анын ичинен:

- эмгек акыны негизсиз төлөп берүү, ошондой эле "өлүк жандар" жана штаттык бирдиктерди негизсиз көбөйтүү менен ишкананын бюджетине 95 604 000 сом өлчөмүндө зыян келтирилген;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө 6 432 900 сом суммасындагы бузуулар, анын ичинен 1 114 000 сому жасалма түзүлгөн келишимдерден келтирилген зыяндар;
- 27 870 400 сом өлчөмүндө адистештирилген жабдууларды ижарага берүү үчүн каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу;
- берүүчүлөрдүн ишканага жашырылган дебитордук карызы 5 642 800 сом;
- кассалык операцияларды жүргүзүү, эсептик каражаттардын жана негизги каражаттардын жетишсиздиги бөлүмү боюнча 3 916 100 сом суммасында.

Белгилей кетсек, текшерүүдөн өткөн мезгилде биринчи кол коюу укугу менен  «Бишкекжарык» МИнин жооптуу кызмат адамдары - ишкананын директорлору болушкан:

- 01.07.2019-жылдан 09.08.2020-жылга чейинки мезгилде - Абдылдаев А.А.;
- 08.09.2020-жылдан 11.04.2020-жылга чейинки мезгилде - Чодонов А.К.;
- 04.11.2020-жылдан 29.10.2021-жылга чейинки мезгилде - Абдылдаев А.А.;
- 2021-жылдын 29-октябрынан 2022-жылдын 13-сентябрына чейинки мезгилде Чодонов А.К.

Экинчи кол коюу укугу менен ишкананын башкы бухгалтерлери төмөнкүлөр:

- 02.05.2017-жылдан 29.07.2020-жылга чейинки мезгилде - Абдразакова З.М.;
- 29.07.2020-жылдан 11.01.2021-жылга чейинки мезгилде, Джолдошева А.К.;
- 11.01.2021-жылдан 30.09.2022-жылга чейинки мезгилде Жангараева А.Б.;
- 2022-жылдын 30-сентябрынан азыркы учурга чейинки мезгилде Джумалиева А.Д.

«Бишкекжарык» МИнин айрым кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн ички аудиттин жыйынтыгы боюнча материалдар укук коргоо органдарына берилди.