Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэн айым менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кытайдан Бишкекке 120 автобус алып келүү маселесин талкуулашты.

Кытайда COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүнүн алкагында киргизилген чектөө чараларына байланыштуу борбордун мэри чек арадан өтүүнү тездетүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.