Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун салтка айланган көчмө жыйыны өттү.

Бул жолу №14 жергиликтүү аймактык башкармалыктын бир нече көчөлөрү кыдырылды.

Алар «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан асфальттын биринчи катмары төшөлгөн Мыскал көчөсүндөгү жолдун курулушунун жүрүшү менен таанышып, ошол эле көчөдө, №22 үйдүн маңдайында жайгашкан тоскоолдук жараткан объектилерди демонтаждоо маселесин  карашты жана №4 үйдүн газ түтүгүн жылдыруу тапшырылды.

Андан ары Жеңиш конушунда тиричилик таштандыларын чыгаруу иштерин жүргүзүү жана жабык дренажды тазалоо боюнча «Бишкекжашылчарба» МИнин өндүрүштүк иштеринин тизмесине киргизүү тапшырмалары берилди.

Баш аламан унаа токтотуучу жайга айланган Патрис Лумумба көчөсү, 80 дарегиндеги муниципалдык аянтты жашылдандыруу, ошондой эле жеңил объектти орнотуунун мыйзамдуулугун аныктоо маселесин карашты.

Ал эми Козу-Баглан көчөсүндө  учурда канализация тартылып жатат.

Кыдыруунун жыйынтыгында бардык участкаларына протокол түзүлүп, аткаруу үчүн райондук кызматтарга жөнөтүлдү.