КРнын Улуттук гвардиясында Биринчи май районунун мектеп окуучулары үчүн ачык эшиктер күнү болуп өттү.

Билим берүү уюмдарынын тарбия иштеринин артыкчылыктуу багыттарынын бири аскердик-патриоттук багыт болуп саналат. Анткени, балдар мекенге болгон сүйүүнүн, Ата Мекенге кызмат кылуунун, эрдиктин, патриоттуулуктун алгачкы сабактарын мектептен алышат.

Иш-чарага жетекчинин орун басары Аида Рысбаева катышып, окуучуларга Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардактуу кароолунун ротасынын жана аскердик оркестринин аткаруусундагы спектакль көрсөтүлдү, ошондой эле казармага, Аскердик даңк музейине, дене тарбия залына, жоокерлердин ашканасына, заманбап аскердик курал-жарактар, аскердик кийимдер жана аскердик машиналарга карата экскурция болду.

Райондун 22 мектебинин 10-11-класстарынын 1000ден ашык окуучулары армиянын күнүмдүк турмушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, экскурсия Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий - адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган.