Биринчи май районунун мектеп окуучуларына экскурсия уюштурулууда.

Өспүрүмдөрдү КМШдагы жана Борбор Азиядагы жалгыз ири ишканалардын бири – «Автомаш Радиатор» ЖЧКсына алып барышты.

Ишканага жигиттер менен бирге жетекчинин орун басары Аида Рысбаева да барды.

Экскурсиянын жүрүшүндө окуучуларга заводдун аймагындагы, трактор, айыл чарба жана атайын техникалар, кампалар көрсөтүлдү. Коопсуздук эрежелерин сактоо максатында жүк ташуучу, жеңил унаа жана тракторлордун муздаткыч радиаторлорун жана жылыткычтарын өндүрүү процесси видеобайкоо камералары аркылуу көрсөтүлдү.

«Автомаш-Радиатор» заводу («Кыргызавтомаш» ААКсынын туунду ишканасы) Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн отуз миңден ашык чарбаларына жез жана алюминийден жасалган 430 аталыштагы автомобиль жана трактор радиаторлорун өндүрүүгө адистешкен.

Ишканада кесиптик даярдык курсун аяктаган 536 адис эмгектенет.

Окуучулар көп жаңы нерселер менен таанышып, кызыктуу экскурсия үчүн ыраазычылык билдиришти.

Райондун мектептеринин 10-11-класстарынын окуучулары үчүн бул тааныштыруу курсу 14-ноябрда башталган.