19-ноябрдан 11-декабрга чейин Бишкек шаарынын мэринин кубогуна түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңештин арасында мелдештер өтөт.
Мелдеш спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт: кичи-футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, аркан тартыш.
Бишкек шаарынын мэринин кубогуна катышуу үчүн 25тен ашык команда арыз берген.
Кичи-футбол боюнча алдын ала оюндар 2022-жылдын 19-ноябрында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде башталат.
Волейбол боюнча алдын ала оюндар 2022-жылдын 20-декабрында №62 мектеп гимназиясынын спорт залында башталат.
Спорттун калган түрлөрү боюнча мелдештер 2022-жылдын 3-декабрында башталат.