Район башчысы Русланбек Тагаев отун-энергетикалык комплексинин үзгүлтүксүз иштешин жана күз-кыш мезгилинен сапаттуу өтүүнү камсыз кылуу максатында "Бишкекжылуулукэнерго" КИнин алдындагы райондук отказандардын жана №74 гимназия мектебиндеги откананын абалын текшерди.

Ленин районунун аймагында "Бишкекжылуулукэнерго" КИнин 26 отканасы жайгашкан, алар 232 көп кабаттуу турак үйдү, 13 жатакананы, 42 барак үйдү, 115 жеке үйдү, 17 мектепти жана 7 бала бакчаны жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.

Азыркы учурда "Бишкекжылуулукэнерго" КИнин отканалары штаттык режимде иштеп жатат. Жылуулук жана ысык суу керектүү көлөмдө берилүүдө.