Биринчи май районунун №11 бала бакчасынын базасында балдардын эндокринологиялык ооруларын, анын ичинде кант диабетин алдын алуу максатында бала бакчалардын медициналык айымдары үчүн семинар өткөрүлдү.

Семинарды ачып жатып, шаардын эндокринологиялык борборунун балдар эндокринологу А.У. Абикова кант диабетинин манифестациясын козгой турган ооруларды алгачкы этаптарында аныктоо жана дарылоо үчүн өз убагында медициналык жардамга кайрылуу канчалык маанилүү экендигин белгиледи.

1-типтеги кант диабети балдарда эң көп кездешкендиктен, эндокринолог дарыгер 1-типтеги кант диабети ар кандай куракта болушу мүмкүн экенин жана жалпысынан бул оору 4 жаштан 6 жашка чейин же 10 жаштан 14 жашка чейин пайда болорун баса белгиледи.

Семинарда ошондой эле тиреотоксикоз синдрому, балдардагы диабеттин моногендик түрлөрү, балдардын бөйрөк үстүндөгү жетишсиздигинин сейрек кездешүүчү түрлөрү, семирүү жана аялдардын репродуктивдик ден-соолугу, йод жетишсиздиги жана калкан безинин шишик оорулары сыяктуу маселелер талкууланды.

Лекцияны 70тен ашык адам укту.

Балдардын ден соолугун сактаңыздар, бала дени сак жана бактылуу болгондо, күн дагы жаркырап турат.