Биринчи май акимчилиги менен «Бекен Дос» ЖЧКсы катуу тиричилик калдыктарын (ТКК) сорттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу келишимине кол коюшту.

Ишкананын келишиминин алкагында 5 жылдык мөөнөткө Панфилов көчөсүндөгү №188/2 дарегине 147,12 чарчы метр аянттагы катуу таштандыларды сорттоочу пунктту куруу жана иштетүү үчүн жер тилкеси ижарага берилген.  Аталган пункт учурда бул жерде иштеп жаткан таштанды контейнерлерин алмаштырат.

Тараптар таштанды сорттоочу пунктту ушул жылдын аягына чейин курууну макулдашты.

Пунктту курууга каражатты «Бекен Дос» ЖЧКсы атынан жеке өнөктөш бөлүп берет, ал бөлүнгөн жерди өз максатына ылайык пайдаланууга милдеттемени алат.

Жер тилкеси жана зарыл уруксаат кагаздары акимчилик аркылуу берилет.

Белгилей кетсек, пилоттук долбоорду ишке ашыруу шаардык бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбайт.