Жеке турак-жай курулушу  жана шаар куруу департаментинде  борбор калаанын райондук администрацияларында жер мунапысына  кирген объектилер боюнча комиссиясынын иши башталды.

Биринчи май району боюнча 50 арыз каралып, жыйынтыгында бардык материалдарды «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жөнөтүү чечими кабыл алынган. Корутундуну алгандан кийин комиссиянын отуруму болот.

Урматтуу шаардыктар! Документтер күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Туңгуч кичирайону, 57 (Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти) дареги  боюнча кабыл алынат.

Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.

Маалымдама: Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 31-майындагы №291  «Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2022-жылдын 18-октябрындагы №567 токтомунун  негизинде иш алып барышат.