Рейддин жүрүшүндө пландык чыгууларынын сакталгандыгы тууралуу, кыймыл аралыгы жана коомдук транспорттун иштөө графиги, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелери текшерилди.  

Рейдге Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Талант Капаров, Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын директору Бакыт Темикеев, Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын директору Саламат Осмонов жана ташуучу-фирмалардын жетекчилери тартылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча пландык чыгуунун сакталбагандыгы, кыймыл аралыгынын аткарылбагандыгы, ошондой эле линиядан чыгуунун негизсиз фактылары тастыкталды. Мындан тышкары, «Шаттл Яндекс Такси» маршруттук таксиси, ошондой эле жеке таксилери коомдук транспорттордун токтоочу пунктарга кирүүсүнө тоскоол болуп жатканы аныкталды.

Транспорт департаменти тарабынан эреже бузган айдоочуларга тартиптик чаралар көрүлүп, мыйзам бузууларды тез арада жоюу боюнча ташуучу-фирмаларга тиешелүү эскертүүлөр берилет.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев коомдук транспорт ишканаларынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Жетекчилерге кыймылдуу курамдын техникалык абалын, ошондой эле айдоочулардын иш графигин тынымсыз текшерип туруу милдеттендирилди.  

Белгилей кетсек, Транспорт департаменти тарабынан коомдук транспорт айдоочуларынын эреже бузууларына мониторинг жүргүзүлүүдө. Бузуулар атайын маалымат базасында жазылат.