Капиталдык курулуш башкармалыгы Ленин районунун Чокморов көчөсү №253 дарегинде жайгашкан №8 бала бакчасында оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Мектепке чейинки мекемелердин имаратынын конструкциясы эки кабаттуу. Жер участогунун жалпы аянты 0,38 га. Курулуш аянты - 640 м2.

Бала бакча 120 балага ылайыкталган (4 тайпа).

Учурда демонтаждоо иштери аяктап, инженердик тышкы түйүндөр – канализация, жылуулук, суу менен камсыздоо, электр менен камсыздоо, ошондой эле ички жасалгалоо иштери, фасадды жылуулоо жана шыбак иштери аяктады.

Ошондой эле асма шыптарды, жыгач полду орнотуу, жылытуу системасы, электр энергиясы, полдун бөлүштүргүчтөрү алмаштырылып, сантехника иштери бүткөрүлдү.

Ошондой эле аймак жашылдандырылды – резина менен капталган 4 балдар аянтчасы курулуп, темир тосмо орнотулду.

Азыр сантехника, таман таштарды орнотуу иштери жүрүп жатат.