Ленин районундагы №22- бала бакчасынын базасында «БАЛА КЕЛЕЧЕКТЕ» долбоору ийгиликтүү аяктады.

Эки ай бою балдар үчүн көп функционалдуу билим берүүчү эс алуу аянтчасы уюштурулду.

Балдар учүн акысыз  кол өнөрчүлүк ийримдери, мастер-класстар, лекциялар, тренингдер, (интеллектуалдык командалык оюндар) өткөрүлдү. Бул иш-чаранын  баардыгы балдардын  коомдогу  активдүүлүгүн өнүктүрүүгө жана өзүн-өзү таанууга  шарт түзөт.

Долбоордун алкагында мелдештер робототехника жана шахмат боюнча өткөрүлдү. Ошондой эле пластилинге тартылган сүрөттөрдүн жеке көргөзмөлөрү, сүрөт тартуу  жана моделдөө ийримдери, балдар психологиясы «Мен өспүрүм» курсу өткөрүлдү.

Долбоордун  жыйынтыгы боюнча катышуучуларга сертификаттар, дипломдор жана медалдар тапшырылды.

Сынактын максаты – балдардын өзүн-өзү ишке ашырууга жана жетишкендиктерин көрсөтө албаган балдар , командалык иштерди уюштуруп, бул алардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө, инсан болушуна жана келечекте өлкөбүздүн татыктуу атуулу болушуна ишеним артат.

Белгилей кетсек, долбоорго 31 окуучу катышты.