Биринчи май районунун акимчилигинин демилгеси менен Тынчтык жаңы конушунда ишембилик өткөрүлдү.

Жаңы конуштун 20дан ашык жашоочусу чоң көчөнү иретке келтирип, таштандыларды чыгарып, чөптөрдү чабышты. Чогулган таштандыларды “Тазалык” муниципалдык ишканасы чыгарды.

Айта кетсек, келечекте бул көчөдө сугат иштерин уюштуруу жана тротуар төшөө менен капиталдык оңдоп-түзөө иштери пландалган, ал үчүн Биринчи май акимиаты тарабынан керектүү иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин район башчысына аталган конуштун тургундары менен жолугуп, көрктөндүрүү маселелерин талкуулаган.