Бишкекке “Ошжарык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери келишти.

Кесиптештерди «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын жамааты тосуп алды.

Жумушчу жыйында көйгөйлүү маселелер талкууланып, тажрыйба алмашылды.

Ошондой эле биздин энергетиктер башкы инженер менен бирдикте «Ошсветтин» кесиптештерине иштин жүрүшүн көрсөтүп, айтып беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Бишкекжарыктын» командасы өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымды (СИП) кантип төшөө керектигин, заманбап светодиоддук жарыктандыруунун салттуу жарык булактарынан артыкчылыгын көрсөтүштү.

Бул жолугушуу теориялык билимди жана тажрыйба бөлүшүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болду.