Бишкек шаарынын мэриясында борбор калаанын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоковдун төрагалыгы алдында “Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын ишинин негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө” жобонун долбоорун кароо боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жумушчу топтун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору Салих Мурзаевдин Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүнүн ишин баалоо боюнча иштелип чыккан негизги индикаторлор боюнча баяндамасы менен таанышты.

KPI (Key Performance Indicators)  түзүүнүн негизги максаты - Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө баа берүү аркылуу анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу. Натыйжалуулуктун негизги индикаторлорунун системасы коюлган максаттарга жетүү деңгээлин чагылдырат, ал эми мониторинг жана баалоо системасы башкаруу процессине баа берет.

Отурумдун жыйынтыгында жумушчу топтун мүчөлөрүнүн сунуштарын жана эскертүүлөрүн эске алуу менен Регламенттин долбоорун иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.