Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинде Бишкек шаарындагы климатка байланыштуу долбоорлорду каржылоо маселесин талкуулаган семинар өткөрдү.

Семинарды БУУнун капиталдык өнүктүрүү фондунун жетекчиси, БУУнун Европалык Экономикалык комиссиясынын өкүлү БУУнун Эл аралык муниципалдык инвестициялык фондунун өкүлү катары Дмитрий Пожидаев, БУУнун ЕЭК бөлүмүнүн токойлор, жер пайдалануу жана турак-жай боюнча аймактык кеңешчиси Гүлнара Ролл өкүлчүлүк кылган өкүлдөрү өткөрүштү.

Семинар Бишкек шаарынын мэриясына караштуу бөлүмдөрдүн, райондук муниципалдык администрациялардын өкүлдөрү үчүн өткөрүлдү.

Катышуучулар Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду талкуулашты.

Эл аралык эксперттер долбоордук өтүнмөлөрдү калыптандыруу жана аларды андан ары жылдыруу боюнча сунуштарын беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз өз ара аракеттенүү жана кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин билдиришти.