Бишкекте троллейбус айдоочуларынын арасында рейд өткөрүлдү.

Текшерүүнү Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери Жол коопсуздугунун кызматкерлери менен биргеликте уюштурган. Рейддин жүрүшүндө айдоочулардын жүрүм-турумуна, унаалардын кышка даярдыгына, жол эрежесин сактоого өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында жол эрежесин сактабаган троллейбус айдоочуларына жана салондо мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн пандус пайдаланбгандарга эскертүүлөр берилди.