«Тазалык» муниципалдык ишканасы кошумча таштанды контейнерлерин орнотууда.
Алсак, Октябрь районуна буга чейин 36 таштанды контейнери орнотулган. Дагы 30 контейнер орнотуу пландалууда.
Ошондой эле шаардын 4 районунда тең таштанды контейнерлерин оңдоо иштери уланууда.
Урматтуу шаар тургундары! Тазалыкты сактап, шаардын мүлкүнө кам көрүүңүздөрдү суранабыз.