Билим берүү башкармалыгы №69 мектеп-гимназиянын базасында мектеп директорлоруна «Мектепти өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоо – натыйжалуу жыйынтыктын шарты» деген темада семинар өткөрдү.

№69 мектептин мисалында окуучулардын мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүүсүнүн жолго коюлган иш тажрыйбасы көрсөтүлдү.

Андан соң мектеп директорлоруна сынактык тандоонун 2-этабынын жыйынтыгы менен жаңы дайындалган директорлор тааныштырылды. Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле мектеп ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелерин, ата-энелер коомчулугу менен өз ара аракеттенүүнү жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелерин карашты.

Директорлор менен кайрадан маек куруп, билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынгандыгын, фактылар аныкталган  учурда жеке жоопкерчиликти каралаары эскертилди.

Мектеп жетекчилерине педагогикалык жамаат менен маектешүү тапшырылды.