Шаардык муниципалитетте бир катар шаардык сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров тапшырды.

«Мыкты короо» сынагында (1991-жылга чейин пайдаланууга берилген үйлөр):

- 1-орун – Акматалиева Наргиза Эсенкуловна, «Кооз үй» турак жай ээлери шериктештигинин төрайымы. 100 миң сомдук сертификат менен сыйланды;
- экинчи орун - Муканбетова Жумагул Бекбоевна, "Абисаль" турак жай ээлери шериктештигинин төрагасы. 80 миң сомдук сертификат менен сыйланды;
- үчүнчү орун – Безбородова Раиса Николаевна, «Академия ума»  турак жай ээлери шериктештигинин төрайымы, 50 миң сом.

«Мыкты короо» сынагында (1991-жылдан кийин пайдаланууга берилген үйлөр):

- биринчи орун – Абдраимова Жамал Рахимовна, «Джал-Таун» ЖЧКсынын директору, 100 миң сом;
- экинчи орун - Айтбаева Чынар Чакиевна, «Ас-Асанбай» турак жай ээлери шериктештигинин  төрагасы, 80 миң сом;
- үчүнчү орун - Нарботоев Мирбек Акматович, 6-кичи райондун No2/2 үйүнүн үй комитетинин төрагасы, 50 миң сом.

«Мыкты квартал» сынагынын жеңүүчүлөрү:

- биринчи орун – Өмүрзаков Садырбек Анарбекович, “Ак-Өргө” конушунун  кварталдык комитетинин төрагасы, №52 квартал, 130 миң сом;
- экинчи орун - Турсуматова Майрам Эргешовна, "Ак-Ордо" конушунун кварталдык комитетинин төрагасы, №54 квартал, 100 миң сом;
- үчүнчү орун - Такырбашева Саадатбү Арапбаевна, Бакай-Ата конушунун №58 кварталынын комитетинин төрагасы, 70 миң сом.

«Бишкек шаарынын мэриясынын административдик район боюнча эң мыкты муниципалдык башкармалыгы» сынагында 1-орунду Биринчи мй акимиаты ээледи. Аларга 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.

“Бишкек шаарынын мэриясынын мыкты муниципалдык аймактык башкармалыгы” сынагында 1-орунду Бишкек шаарынын мэриясынын №9 муниципалдык аймактык башкармалыгы ээледи. Аларга 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Конкурстар Бишкек шаарынын тургундарынын демилгелерин колдоо жана шаарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана өнүктүрүү боюнча иштерди аймактык деңгээлде уюштурууга багытталган муниципалитеттин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында өткөрүлдү.

Борбор калаанын мэриясы жеңүүчүлөрдү куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.