Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти троллейбустардын кышка даярдыгын текшерди.

Троллейбустардын техникалык даярдыгына, дөңгөлөктөрдүн алмашылгандыгына жана салондун ичиндеги санитардык абалына өзгөчө көңүл бөлүндү.

Текшерүүнүн негизинде акт түзүлүп, Бишкек троллейбус башкармалыгынын директоруна тиешелүү тапшырмалар берилди.  

Белгилей кетсек, экинчи этапта кичиавтобустук каттамдары жана автобустук каттамдары текшерилмекчи.

Бул багытта иштер уланууда. Рейддик иш-чаралар тынымсыз жүрүп турат. Абийирсиз ташуучу-фирмалардын жетекчилерине жана айдоочуларына тартиптик чаралар көрүлөт.