Ленин районунун №186 "Ак-Жол" балдар бакчасынын базасында билим берүү башкармалыгы тарабынан музыкалык жетекчилердин шаардык семинары өткөрүлдү.

Семинар башталгыч музыкалык жетекчилер үчүн "Мектепке чейинки курактагы балдардын метро-ритм сезими боюнча иштөөнүн оюн ыкмалары" темасында өттү.

Балдар орус элдик ырына жыгач кашыктардын ритмикалык кыймылдары менен коштолгон бийди аткарышты.
Бул темадагы презентацияны тажрыйбалуу музыкалык жетекчи Усупбаев Кыдыкбек даярдады.