Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышы боюнча Биринчи май районунун акимчилигинде семинар түрүндө кеңешме өттү.

Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын башчылары, кадр кызматкерлери, ошондой эле мамлекеттик органдардын кадрлар боюнча жооптуу кызматкерлеринен 40тан ашык адам катышты.

Семинардын катышуучулары аттестация процедуралары боюнча эң актуалдуу маселелерди көтөрүштү. Аларга түндүк аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери жооп беришти.


Семинардын максаты - мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерди аттестациялоодо усулдук жана кенеш берүү жардамын көрсөтүү болуп саналат.


Иш-чараны  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин түндүк аймактар аралык башкармалыгы уюштурду.