Биринчи май районунун аймагында курулуп жаткан жолдорго текшерүү жүргүзүлдү.

Курулуп жаткан жолдор боюнча көчмө комиссиясынын курамына акимдин  орун басары Чынгыз Байсов, акимчиликтин кызматкерлери, жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын өкүлдөрү, «Бишкекасфальтсервис», «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын, Муниципалдык чарба департаментинин жана №14 МАБдын өкүлдөрү кирген.

Кулиев көчөсүнөн баштап Заводской көчөсүнө чейин узундугу 525 метрди түзгөн Жумабек көчөсүндө «Бишкекасфальтсервис» МИ тарабынан капиталдык оңдоо  өткөрүлүүдө. Ыңгайлуу шартта аталган жол ушул жылдын аягына чейин оңдолот.

ЖКнын депутаты Эльвира Сурабалдиеванын көмөгү  менен республикалык бюджеттен каражат бөлүндү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, жооптуу кызматтарга бузула турган объектилерди демонтаждоо,  катуу тиричилик калдыктарды чогултуучу жерди жылдыруу, ошондой эле аталган көчөнүн жашоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.