Борбор калаада мыйзамсыз объектилерди алуу уланууда.

Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте Анкара көчөсүндө жайгашкан «Таксим» кафесинин жанындагы тосмону бузууга киришти.

3300 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.

Ошондой эле, жакын жердеги көп кабаттуу үйгө жанаша курулган мыйзамсыз чатыр алынат.

Белгилей кетсек, объекттер мындан 5 жыл мурда мыйзамсыз курулган.

«Тунгуч» кичи районунун №36 үйүнүн жашоочулары мыйзамсыз курулуштарга тынбай арызданып келишкен.

Урматтуу шаар тургундары! Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоону суранабыз.