Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын көчө- жол тармагын өнүктүрүү долбоору (3-фаза) боюнча Кытай Эл Республикасынын эксперттик тобу менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Кытай тараптын айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси 28 күндүн ичинде иштелип чыгат. Коноктор ошондой эле Кытайдын Коммунисттик партиясынын ХХ съезди Пекинде өткөнүн жана анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасына эксперттердин биринчи делегациясы жөнөтүлгөнүн белгилешип, муну менен мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты түзүү жана тереңдетүү артыкчылыктуу экендигин белгилешти.

Өз кезегинде мэр Кытай өкмөтүнө Бишкек шаарынын жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымдама: Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн көмөгү менен  узундугу 200 чакырымды түзгөн 135 жол курулган.

Долбоор борбор калаада автотранспорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн мындан ары жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү жол курулуштарын курууну камтыйт:

Л.Толстой - Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде эки кабаттуу  транспорттук жол айрылыштары;
Т.Айтматов жана Сүйүмбаев көчөлөрүнөн Л.Толстой көчөсүнө темир жол аркылуу чыгуучу өтмөк;
Л.Толстой жана Жаш Гвардия бульвары кесилишиндеги транспорт түйүнү;
Анкара жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишине эки кабаттуу транспорттук-эстакадалык көпүрө;
Чүй проспектиси – Фучик көчөсүнүн кесилишине эки кабаттуу  транспорттук жол айрылыштары.