«Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Биринчи май районунун Ак-Босого конушунун Чүй көчөсүндө жайгашкан жабык дренаждык түйүндөрдү  КамАЗ-ко560 техникасы менен  үйлөп жатышат.

Тазалоо жазында жана күзүндө, ошондой эле катуу жаан-чачындан (жамгыр, кар) кийин жер астындагы суулардын деңгээли көтөрүлүп, дренаждык түтүктөр ылай жана башка таштандылар менен бүтөлүп калгандыктан жүргүзүлөт.

КамАЗ - ko560 техникасынын артыкчылыгы - мобилдүүлүк, аны ачык жана жабык жерлерде жылдыруу оңой. Машинаны жабык коллектордук жана дренаждык тармактар жетүүгө кыйын жерлерде жайгашкан тар шарттарда иштетүүгө болот. Эффективдүү гидродинамикалык тазалоону камсыз кылат.

Урматтуу шаар тургундары! Ирригацияга тоскоол болбоону жана шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.