Свердлов акимчилигинде балдар иштери боюнча комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

Балдар иштери боюнча комиссиянын отурумуна комиссиянын курамына кирген Свердлов районунун ИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын начальниги, Билим берүү борборунун адиси, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери жана ошондой эле балдарды колдоо боюнча мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Бекитилген күн тартибине ылайык, Комиссия 13 материалды карады, анын ичинде: убактылуу мамлекеттик борборлого жайгаштыруу, мүлктүк мүнөздөгү маселелер, балдар арасындагы укук бузуулар.

Бардык материалдар боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынды жана үй-бүлө менен жеке иштөө жана баланы коргоо боюнча жеке иштөө пландары бекитилди.