Кут конушунда кошумча 1 км электр чубалгылары узартылып, 30дан ашык мамылар орнотулат, ошондой эле 630 кВ кубаттуулуктагы эки трансформатордук көмөкчордондор Сокулук райондук бөлүштүрүүчү зонага техникалык тейлөөгө өткөрүлөт.

Бул иштер борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен жүргүзүлөт.

Жумуш учурларын талкуулоо үчүн Биринчи май районунун акиминин орун басары Чынгыз Байсов Сокулук РЭСинин башчысы Руслан Каримовдун, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө 7 күндүн ичинде керектүү иштерди аткаруу милдети коюлду.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын өткөргөн сынакка ылайык, «Бишкекэлектро» ЖАКсы подрядчы болуп тандалган.

Белгилей кетсек, учурдагы 3 трансформатордук көмөкчордон колдо болгон кубаттуулуктан ашыкча иштеп жатат, буга байланыштуу кошумча 2 көмөкчордон орнотулуп, жакында кошулат.

Маалымдама: «Кут» конушу Бишкектен 19 км алыстыкта жайгашкан, 600 кожолук, калкы 2000 адам.