Борбор калаанын муниципалитетинде шаар  мэри Эмилбек Абдыкадыровдун Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Джэ мырза жана Кыргыз Республикасындагы KOICA өкүлчүлүгүнүн директору Ли Джонгсу  менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар Кореянын шаарлары менен Бишкек шаарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселесин талкуулашты.

Ошондой эле, жолугушуунун алкагында борбор калаанын мэриясы менен корей агенттигинин ортосунда  COVID-19 жана башка жугуштуу ооруларга туруктуулукту жогорулатуу жөнүндө эл аралык кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюу аземи болду.

Келишимдин алкагында шаардык саламаттыкты сактоо мекемелерине медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн муниципалитетке кайтарымсыз негизде 22 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт.

Жабдууларды сатып алуу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.