Борбор калаада Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан №12 гараждык кооперативди демонтаждоо иштери башталды.

Жеринде вице-мэр Нурдан Орунтаевдин жетекчилиги астында Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте иш алып барууда.

Учурда 4 гараж алынды. Калган  гараждардын ээлери объекттерди жеке буюмдарынан бошотууда.

Белгилей кетсек, гараждык кооператив тарабынан  муниципалдык аймакты пайдалангандыгы үчүн ижара акысы төлөнгөн эмес.

Эске салсак, жогорудагы жер тилкеге биринчи жолу муниципалдык көп кабаттуу унаа токтотуучу жайды куруу пландалууда. Ошондой эле бул жерде футбол аянтчасы, воркаут аянтчасы, сквер жана балдар аянтчасы курулат.