Бишкектин N68 А.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын базасында “Алыкулдун ак боз аты , Аалам кезип баратат” аттуу чыгармачылык кечеси өттү.

Чыгармачылык кечеде акындын ырларын студенттер көркөм окушту. А.Осмоновдун “Сен ооруба, мен ооруюн ата-журт” ыры дүйнөнүн ар кайсы тилдерине которулуп ырдалган.

Бул иш-чара бир айга созулуп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын алкагында уюштурулган.