Октябрь районунун аймагында Байтик Баатыр көчөсүнүн чыгыш тарабынан  Токомбаевден Лев Толстойго чейин реконструкциялоо иштери башталды.  

Тротуарды оңдоодо телефон жана интернет зымдарын жер астына коюу чечими кабыл алынган.

Тротуардын узундугу 3800 метрди түзүп, сугат түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жатат. 

Бул ишти ОсОО  «Технотоп» алып барууда.