Бир күн мурун “Авангард” соода борборунда “Мектептеги рэкетчиликтен коргоо үчүн балдардын укуктары” аттуу практикалык окуу-семинар болуп өттү.

Көптөгөн мектеп окуучулары рэкетчиликке кабылышат, ал эми алардын көбү бул тууралуу эч кимге айтпай жашырууга аракет кылышат.
Окуу-семинарда Биринчи май райондук балдардын чыгармачылык борборунун жана райондун мектептеринин жетекчилери рэкетчиликтин себептерин, психотравматикалык көйгөйлөрдү жана ата-энелер менен мугалимдердин ортосундагы мамилени өзгөртүү жолдорун талкуулашты.

Андан сырткары практикалык формада балдар конфликтсиз баарлашууну, өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү сыйлоосун жана өзүнө болгон ишенимин жогорулатуунун жолдору көргөзүлдү.

Маалымдама: Коркутуп-үркүтүү – бул кимдир бирөө тарабынан башка адамдын үстүнөн бийлик жүргүзүп, аны коркутуп, депрессияга учуратып, ага каршы оор сөз айтып же иш-аракет жасаганы. Мисалы, көп жолу кайталанчу агрессивдүү жүрүм-турум. Ага ат коюу, кемсинтүү, жаман сөздөрдү айтуу жана жазуу, сексуалдык комментарийлер, башкаларды четке кагуу же көңүл бурбоо, коркутуу, жеке мүлкүнө зыян келтирүү, физикалык зомбулук жана алар каалабаган нерсени кылууга мажбурлоо кирет.