Бишкек троллейбус башкармалыгынын айдоочуларына медициналык биринчи жардам комплекти таратылды. 

Биринчи жардам комплектинде эң керектүү дары-дармектер бар: аммиак (нашатырь спирти), зеленка, бинт, суутектин перекиси, таңуу материалдары, валерианын эритмеси, кебез, спирттүү майлыктар, гипстер, йод жана валидол. Мындай медициналык комплект ар бир троллейбуста бар.

Күн сайын кезмет алмаштыруу алдында айдоочулар медициналык кароодон өтүшөт. Алардан спирт ичимдиктерин текшерип, кан басымы өлчөнөт. Эгерде нормадан четтөө байкалса же айдоочулар оорунун белгилерин байкаса, сөзсүз түрдө каттамдан  чыгарылат.

Медайымдар таңкы саат 05:00дөн баштап нөөмөт менен иштешет.