Октябрь акимчилигинде балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

13 материал, анын ичинде үй-бүлө менен иштөөнүн жеке планын жана баланы коргоонун жеке планын бекитүү жана алып салуу жөнүндө 11, жашы жете электердин мурастык үлүштөрү боюнча 2 материал каралды.

2022-жылдын январь айынан бери 25 жыйын, анын ичинен 2 көчмө жыйын өткөрүлүп, жыл башынан бери жалпысынан 272 материал каралды. Жыйынтыгында үй-бүлө менен жекече иш жүргүзүү боюнча 47 план бекитилип,  20 план жокко чыгарылды, баланы коргоо боюнча жеке пландар 100 балага түзүлдү жана 57 балдарды коргоо боюнча план жокко чыгарылды.

Жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөлөрүнө Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк тууралуу маалымат берилди. Жооптуу кызматтарга МАБ менен биргеликте аялдарга жана балдарга карата зомбулукту алдын алуу иш-чараларын ишке ашыруу боюнча ишти активдештирүү тапшырылды.