Бишкекте түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин кызматкерлеринин арасында Бишкек шаарынын мэринин Кубогу-2022 мелдешинин салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү.

Иш-чараны борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева ачты. 

Мелдештер спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлөт:
1. мини - футбол
2. волейбол
3. стол тенниси
4. шахмат
5. дартс
6. аркан тартыш
7. бильярд

Мелдешке мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн 18ден ашык команда катышууда. Мелдештин максаты - Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жана түзүмдүк бөлүмдөрдө дене тарбия жана спортту мындан ары өнүктүрүү, ага түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлерин тартуу болуп саналат.
Спартакиада 19-ноябрда башталып, 2022-жылдын 11-декабрында аяктайт.