Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрынын залында Ленин районунун №77, 96, 84, 102,93 , 79, 97 мектептеринин  окуучулары үчүн Жаныш Кулмамбетовдун романы боюнча "Алай жолборсу"  спектакли  коюлду.

Иш-чара КРнын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” жана "Улуттук нарк- улуттун жүзү" Жарлыктарынын алкагында ишке ашырылды.

Окуучуларды мугалимдер, ата-энелер жана балдар инспекторлору коштоп жүрүштү.