«Изабековдордун академиясы» спорт клубунда КУДО боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги жана чемпионаты өттү.

Мелдешке 10 командадан 220 бала жана 100дөн ашык чоңдор катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча командалык эсепте орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

- 1-орун - Бишкек шаарынын "Bicutori" командасы (12 алтын, 9 күмүш, 11 коло медаль);
- 2-орун - Бишкек шаарынын "Витязь" командасы (9 алтын, 10 күмүш, 9 коло медаль);
- 3-орун - Бишкек шаарынын "Талант" командасы (6 алтын, 7 күмүш, 8 коло медаль);
- 3-орун - Бишкек шаарынын "Каскад" командасы (6 алтын, 7 күмүш, 8 коло медаль).

Борбор калаанын мэриясы жеңүүчүлөрдү куттуктап, дагы чоң ийгиликтерди каалайт.