Борбор калаада кар аралаш жамгыр жаап, абанын температурасы төмөндөдү.
Жаан-чачын дарак бутактарынын салмагына таасир этет.
Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону өтүнөт.
Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуз, анда “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна: 1840 жана 1850 номурларыаркылуу кабарлаңыз. Ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 -182-185 номери боюнча жөнөтсөңүз болот.
Этият болуңуздар, жылуу кийиниңиздер!